23:54, 28 март 2024 Бш

ЮСАИД кургак учукка каршы күрөшүү үчүн Кыргызстанга $35 млн каражат бөлгөн

2024-жылга чейин ЮСАИД кургак учукка каршы күрөшүү үчүн Кыргызстанга $35 млн каражат бөлөт. Бул тууралуу ЮСАИД администрациясынын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча өкүлү Хавьер Пьедра Бишкекте өтүп жаткан эл аралык донордук конференциянын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, $35 млн каражат 2014-2024-жылдар аралыгында сарпталат.

Ушу тапта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан «Туруктуу өнүктүрүү үчүн реформаларды тездетүү» деп аталган форум өтүп жатат. Анын ишине президент Сооронбай Жээнбеков, Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев жана тийиштүү жетекчилер катышууда.

up