13:39, 20 апрель 2024 Иш

Сооронбай Жээнбеков: Жыл аягына чейин 101 айылга таза суу жеткирилет

2019-жылдын аягына чейин өлкөдө 101 айыл таза суу менен камсыздалат. Бул тууралуу бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан «Туруктуу өнүктүрүү үчүн реформаларды тездетүү» аталыштагы форумда сөз сүйлөп жатып президент Сооронбай Жээнбеков айтты.

2024-жылга чейин Республика боюнча 552 айылга таза суу жеткирилери айтылган. Президент белгилегендей, 207 айылга суу чыгарууга каржы булагы аныкталган.

Дагы 345 айылга суу чыгаруу үчүн каржы булагы аныктала элек. Буга болжол менен $481 миллион керек. Бул каражаттын $450 миллионун донорлордун эсебинен каржылоо зарыл”, — деди Сооронбай Жээнбеков.

Бүгүнкү күндө 20 шаарды таза суу менен камсыздоо аракети жүрүп жатканын, дагы 11 шаарда бул маселе актуалдуу бойдон калганын президент белгилейт.

up