09:21, 18 апрель 2024 Бш

Жогорку Кеңештин депутаттары балдардын катышуусунда сессия өткөрөт

 Жогорку Кеңештин депутаттары менен БУУнун балдар фонду (ЮНИСЕФ) балдардын катышуусунда сессия өткөрөт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Аталган жыйын 20-ноябрда Балдардын дүйнөлүк күнүнө, Балдардын укуктары жөнүндө конвенциянын кабыл алынганынын 30 жылдыгына жана Кыргызстандын келишимге кошулганынын 25 жылдыгына карата уюштурулууда.

Парламенттик сессияга өлкөнүн бардык аймактарынан келген 8 жаштан 16 жашка чейинки 25 бала катышат. Анын алкагында балдар өздөрүнүн укуктары жана Кыргызстандын келечеги жөнүндөгү ой-пикирлери менен бөлүшөт.

up