17:03, 28 март 2024 Бш

Айеркен Саймаити КР паспортун кантип алганы айтылды

Кытай жараны Айеркен Саймаитиге Сузак райондук паспорт бөлүмүнүн жетектөөчү адиси тарабынан Кыргызстандын 1994-жылкы үлгүдөгү паспорту берилген. Бул тууралуу Мамлекеттик катоо кызматынын калкты каттоо департаментинин өкүлү Гүлбарчын Турдубаева «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 2005-жылкы козголоңдо Жалал-Абад шаарында Мамлекеттик катоо кызматынын архивдер күйүп кеткен. Күйүп кеткен  документтердин номурларын колдонуу менен паспорт жасалган.

Саймаити Кыргызстанда туруктуу жашоого уруксат кагазын 2012-жылы алган. Тийиштүү документ Миграция кызматынын уруксатынын негизинде берилген.

«Документтер Мамлекеттик катоо кызматынын калкты каттоо департаменти тарабынан чогултулган. Бирок иммигрант статусун алуу үчүн документтердин баарын Миграция кызматына жөнөтүлөт. Башкача айтканда, Миграция кызматынан уруксат келген соң гана Саймаитиге КР аймагында туруктуу жашоого уруксат документин даярдап беребиз», — дейт Турдубева.

up