05:29, 25 апрель 2024 Бш

Эксперт: Эркин Сопоков кезинде Атамбаевдин ашпозчусу болчу

Саясат талдоочу Турат Акимов ишкер Саймаитинин өлүмүнө Атамбаевдин адамдарынын тиешеси болушу мүмкүн же бул атайын жасалган аракет экенин билдирди. Ал мунун себебин Кыргызстандын Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы башкы консулу Эркин Сопоковдун учурунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ашпозчусу болгону менен байланыштырды. Ал эми Сопоковдун кызматтан алынышын болгону тергөөгө тоскоол кылбасын деген тариздеги иш-аракет экенин айтып берди.

-Биздин консулдун унаасынын эмне үчүн ошол жерде болуп калгандыгынын шектене турган жерлерин айтып койсок болот.  Анда эмне үчүн консулга тиешелүү машина чыгып калды? Анткени Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы башкы консулу Эркин Сопоковду учурунда Атамбаев дайындаган. Бул адам мурда Атамбаевдин ашпозчусу болуп жүргөн адам эле. Буга чейин эл ичинде Атамбаевдин шоопуру котөрүлөт, ашпозчусу көтөрулөт деген тамашалардын чыкканы да ошондон. Сопоков кезинде Атамбаевге тамак даярдаган адам эле. Кийин Ала-Арчадагы резиденцияга директор болуп калды. Ошондон кийин дипломат болуп кеткен. Атамбаевге тамак берип жүрүп эле ушундай баскычтарга секирик жасаган. Мунун унаасынын өлүктүн жанында пайда болуп калганы, Атамбаевдин адамдары кылды же анын куйруктары жасап жатат деген таризде иштин нугун ошол тарапка буруу деген аракет деп ойлойм. Себеби консулдук унаа ошол жерде өзүнөн-өзү, капысынан пайда болуп калган жок да.

Түркиянын Стамбул шаарынын Фатих районундагы отелдердин биринде 10-ноябрда атып кетишкен Айеркен Саймаити боюнча Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Жогорку Кеңештин жыйынында маалымат берди.

Маалыматка ылайык, Айеркен Саймаитиге буга чейин 2017-жылы «Алдамчылык» фактысы боюнча мурдагы кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси боюнча 3 млн 28 миң 168 доллардан турган товарды жана акчаны өзүнүн өнөктөшү — Кытайдын жаранын алдап кеткен фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, ага эл аралык издөө жарыяланган.

«Бүгүнкү күндө ал биздеги иш боюнча эл аралык издөөдө болчу», — деди Жунушалиев.

up