00:30, 19 апрель 2024 Жм

Мыйзамсыз ташылып келген 30 млн сомдук кальян тамекилери кармалды

Мамлекеттик бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери “Түндүк-Чыгыш” бажысынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарында мыйзамсыз ташылып келинген жалпы салмагы 14 275 килограмм болгон, акциздик маркасы жок ар кандай маркадагы кальян тамекилерин кармашкан. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат кызматы билдирди.

Кармалган товардын орточо базар баасы 30 млн 799 миң 100 сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

 

up