01:56, 29 март 2024 Жм

Текебаев: 2020-жылкы шайлоо таза өтөт деп айта албайм

Бийлик эл каалаган саясий системаны орнотуудан качып жатат. Анткени азыркы система бийликке пайдалуу. Мындай пикирин саясатчы Өмүрбек Текебаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, партиялык система трайбализмди бүлүндүрүп, саясий маданиятты калыптандыруу аракетин камсыздайт.

«Бирок эски адаттарды дароо жоё албайт экенбиз. 2020-жылкы парламенттик шайлоо таза өтөт деп айта албайм. Анткени эл кыйналып жашап турганда каражат алып коюшу мүмкүн. Бирок 2025-жылы акча алуу азая баштайт деп ойлойм. Шайлоо системасы өнүгөт», — дейт Текебаев.

Ал белгилегендей, 2015-жылы электрондук система ишке кирип, шайлоо комиссияларынын бийлиги азайган. Бирок шайлоо комиссияларына берилген акча элге таратылып калды. Башкача айтканда, коррупция көчөгө куулду. Эми паракорчулукту  партиялык тизмеден да сүрүп чыгуу зарыл.

up