20:30, 16 апрель 2024 Шш

Дүйнө боюнча эң «кир» шаарлар

Greenpeace жана AirVisual кыймылдарынын маалыматына ылайык, 30 алдыңкы булганган шаарлардын 22си Индияда жайгашкан. Тизменин башында Гургаон аталышындагы – Делинин спутник шаары турат. Аталган шаарда 900 миң тургун бар.

Андан кийинки саптарда Лахор (Пакистан), Даха (Бангладеш), Ташкент (Өзбекстан), Ханой (Вьетнам), Колката (Индия), Джакарта (Индонезия), Мумбай (Индия), Хо Ши Мин (Вьетнам) жана Тегеран (Иран) шаарлары турат.

Көптөгөн жылдар бою эң көп булганган 10 шаардын рейтингине кирип келген Монголиянын борбору Улан-Батор шаары 2019-жылдын күз айларынан баштап рейтинг катарынан чыккан. Абанын тазалыгында бир топ жакшыруу болгон шаар 64-катарга түшүп, Осака (Япония) менен Ванкувер (Канада) шаарларынын ортосунан орун алган.

 

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдиргендей, абанын булганышынан улам, жыл сайын 7 миллион адам каза болот. Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, адам күчүн керектөө кыскаргандыктан, дүйнөлүк экономика 225 миллиард долларын жоготууда.

up