14:59, 20 апрель 2024 Иш

Саймаитинин өлүмү боюнча өкмөт парламентке маалымат берет

Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Стамбулда өлтүрүлгөн Айеркен Саймаити жана анын тегерегендеги окуялар боюнча өкмөттүн маалымат беришин талап кылды. Ал парламент жыйынында өлкөдө кылмыштуулук күчөп баратканын белгиледи:

- Биз 1950-жылдардагы Сициялияга окшоп баратабыз. Кыска убакытта аба майданындагы автоунаадан ишкердин сөөгү табылды, «Мадина» базарында соода кылган ишкер өлтүрүлдү, «Кыргыз көмүр» стратегиялык мамлекеттик ишканасынын жетекчисин сабап кетишти. Бул кылмыштуулуктун мамлекетке болгон чакырыгы. Түркияда Кыргызстандын казынасына 5 млрд. сом салык төлөбөй издөөдө жүргөн Саймаити өлтүрүлдү. Аны өлтүргөн адамдар Кыргызстандын паспорту менен, Саймаити айдап жүргөн машине дипломатиялык номер менен чыгып жатат. Ошону да көрмөксөн болуп жүрө берелиби? Бул өзгөчө кырдаал да! Премьер-министр да унчукпайт. Же Батукаев Орусияда элчинин машинесинде жүрсө да унчукпайбызбы?

Парламенттин 13-ноябрдагы жыйынында кылмыштуулук, коопсуздук маселелери боюнча өкмөттүн маалыматын угуу маселесин башка да депутаттар көтөрүп, өкмөттүк күн өткөрүүнү сунуш кылышты. Эл өкүлү Кенжебек Бокоев кылмыштуулукка каршы күрөшүү багытында мыйзам кабыл алынганын белгилеп: «Күрөш токтодубу, көмүлдүбү?» деп суроо койду.

Өкмөт бүгүн түштөн кийин учурдагы кырдаал боюнча маалымат бермей болду.

Кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Жеке ишкер Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбул шаарында өлтүрүлгөн. Ал окко учкан жердин жанында анын автоунаасы табылганын жана машинеге консулдуктардын бирине таандык экени айтылган жасалма номер тагылганын түрк басылмалары жазып чыгышкан.

11-ноябрда президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Кыргызстандын Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы башкы консулу Эркин Сопоков ээлеген кызматынан бошотулган.

up