12:42, 25 апрель 2024 Бш

Нарында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Turmush -  Кечээ, 12-ноябрда Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык саат 07:35 чамасында болгон. Анын күчү Нарын районунун Таш-Башат айылында 2,5 балл чейин жеткен. Кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

up