01:17, 19 апрель 2024 Жм

Тарых музейи боюнча сот уланууда

Бишкектеги Улуттук тарых музейинин кызматкери, экспонаттардын башкы сактоочусу Нурхат Иманкулова музейди реконструкциялоодо президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева музейдин кызматкерлерине басым кылганын айтты. Бул тууралуу ал 12-ноябрда сотто көрсөтмө берип жатып билдирди.

- Бизге дайыма моралдык жактан басым болуп турган. Биз андан коркчубуз (ред: Мира Карыбаева). Анткени ал кызматкерлерге ар дайым кыйкырып, урушчу. Биз эмне жасасак да ага жакчу эмес, - деди Иманкулова.

Карыбаеванын жактоочусу: «Музей кызматкерлеринин иши менин коргоомдогу адамга жакпаганын басым катары баалап жатасызбы?» деген суроо берди. Күбө Иманкулова Мира Карыбаева басым кылганын дагы бир жолу кайталады.

Иманкулова Улуттук тарых музейинин ичин реконструкциялоо боюнча алар иштеп чыккан концепция четке кагылып, музейдин ичин оңдоп-түзөө иштерин ишке ашырган германиялык компания музейдин концепциясына ылайык келбеген экспонат жана кафетерийдин жабдыктарын алып келип орнотконун кошумчалады.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Улуттук тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ат майдандын оңдолушуна байланыштуу кылмыш иши боюнча соттук отурум болуп жатат.

Улуттук тарых музейин жана Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен алты адамга Жазык кодексинин 303-беренесинин («Коррупция») негизинде айып коюлган. Алар: Сапар Исаков, Алмаз Абдыкаров, Мира Карыбаева, Улукбек Матисаков, Шайбек Атамбеков жана Айдарбек Мендеев. Исаков менен Карыбаевадан башкасы тергөө менен кызматташууга макул болгон үчүн алардын иштери бөлөк каралууда.

Башкы прокуратура музейди оңдоп-түзөөдөн мамлекеттик бюджет 101,6 млн. сом зыян тартканын билдирген. 

up