14:28, 24 апрель 2024 Шр

Саймаитинин өлүмү: Сопоковдун унаасы боюнча ТИМ билдирүү жасады

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Эркин Сопоковдун унаасы ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмү болгон жерде тургандыгынын себебин түшүндүрдү.

Мекеменин маалыматында, Эркин Сопоков аталган кызматка 2017-жылдын 17-апрелинде келген. Бул жылдар аралыгында кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгына байланыштуу жаза берилген.

Эркин Сопоков жана анын айдоочусу И.С. Хавазов бир нече ирет жол эрежелерин жана унааны колдонуу эрежелерин бузган. Буга байланыштуу Сопоковго сөгүш жарыяланып, Хавазов жумуштан алынган.

Ошондой эле Башкы прокуратура тарабынан Сопоковдун 2017-жылга карата Бирдиктүү салык декларациясын тапшырбагандыгы аныкталган.

Ушул жылдын октябрь айынын аягында Сопоков дипломатиялык транспорттук номерлерди катоодон алуу жана кайтарып берүү тартибин бузуу менен өзүнүн «Рейндж Ровер» унаасын сатуу үчүн «Рамадан туризм» унаа салонуна өткөргөн.

Мындан тышкары, Сопоков Айеркен Саймаитинин өлүмү болгон жерде эмне үчүн унаанын турганын түшүндүрүп бере алган эмес.

«Кыргызстандын дипломатиялык кызматы жөнүндөгү» мыйзамды бузгандыгы үчүн Эркин Сопоков президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык кызматынан алынды.

 

 

up