14:49, 25 апрель 2024 Бш

Саймаитини атууга шектелип 2 Кыргызстандын жараны кармалды

Түркиянын Стамбул шаарынын Фатих районундагы отелдердин биринде 10-ноябрда кечинде уйгур тектүү ишкер Айеркен Саймаитини атып кетүүгө шектелип эки Кыргызстандын жана бир Сириянын жараны кармалгандыгын Sondakika.com сайты жазды.

Түрк полициясы окуя болгон жерге жакын жайгашкан камералардан 3 шектүүнүн ким экендиктерин жана колдонгон унааларын аныктап, Сирияга качууга аракет кылып жатканын аныкташкан. Андан соң Аданадан жүргүзүлгөн атайын кармоо операциянын жыйынтыгында кыргызстандык Хусейин Ахматалиев, Абдуллах Энвер жана сириялык Али Исбех кармалган.

Сурак учурунда шектүүлөр Айеркен Саймаитини Кыргызстандагы аласа-бересе маселелеринен улам өлтүрүшкөнүн жана ошондой эле бул окуяда колдонулган транспортту Пендиктеги бир жерге жашырышкандыктарын билдиришкен.

Учурда шектүүлөр Аданадан Стамбулга алынып келинүүдө.

Эске салсак, Түркиянын Стамбул шаарынын Фатих районундагы отелдердин биринде Айеркен Саймаитини атып кетишкен. Октон жаракат алган Саймаити ооруканага жетип каза тапкан. Түрк полициясынын маалыматында каза болгон жаран бажы иштерине байланыштуу ишкерлик кылары жана акыркы кездерде каржылык жактан көйгөйлөрү болуп келгени айтылат. Алдын ала божомолдор боюнча ишкер Саймаитинин өлүмүнө  аласа-бересе маселелери себеп болушу мүмкүн.

 

up