23:55, 28 март 2024 Бш

Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата «Саясат энциклопедиясы» 8 томдук китеби жарык көрдү

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата «Саясат энциклопедиясы» 8 томдук китеби жана журналист Уланбек Эгизбаевдин элесине арналган «Журналистика энциклопедиясы» 2 томдук китеби жарык көрдү.

«Саясат энциклопедиясы» 8 томдук китебинин автору Кыргыз-орус славян университетинин окутуучусу, профессор Аттокур Жапановдун айтымында китеп алгач 14 том болуп түзүлгөн. Ал китепти 10 жыл мурун Турдакун Усубалиев менен болгон жолугушуудан кийин жаза баштаган. 1-томдун алгачкы 30 бетинде Усубалиевдин өз колу менен жазган жазмалары коюлган.

Китептин автору белгилегендей «Саясат энциклопедиясы» китебинде саясат боюнча бардык маалыматтар камтылган.

«8 томдук китепте саясатка байланышкан терминдер, түшүндүрмөлөр жана башка маалыматтар камтылган. Анда чет өлкө президенттери тууралуу маалыматтар да бар. Томдуктун ичинде улуттар тууралуу, атап өтсөк еврей улутунун таржымалы, Египет өлкөсү жөнүндө жазылган. Ал эми, «Журналистика энциклопедиясы» 2 томдук китебинде журналисттиканын таржымалы жана керектүү кеп-кеңештер берилген«, — деди Жапанов.

Эки китеп 100 нускада жарык көрүп, баасы 500 сом турат.

up