15:57, 19 апрель 2024 Жм

Ири базарларда ВИЧке карата тестирлөө өткөрүлөт

Кыргызстанда СПИДге каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата улуттук кампания башталды. Анын алкагында ВИЧ-инфекциясынын алдын алуунун 1 айлыгы өтүүдө.

Республикалык “СПИД” борборунун маалымат кызматы билдиргендей, 1-ноябрдан 1-декабрга чейин өтүүчү кампания бул жылы “Коомчулук өзгөрүүгө жетишет” аталыштагы чакырык менен чыгууда.

Бир айлыктын алкагында Бишкектин чоң базарларында ВИЧ-инфекцияга карата тестирлөө өткөрүлөт: 14-15-ноябрда “Мадина” базарында, 16-17-ноябрда “Аламүдүн”, 18-19-ноябрда “Орто-Сай”, 20-21-ноябрда “Ош” базарында жана 22-23-ноябрда “Дордой” базарында өткөрүлөт.

Мындан сырткары Ош облустук “СПИД” борбору кабарлагандай, бир айлык мезгил аралыгында Ош жана Кара-Суу шаарларында тестирлөө жүргүзүлөт.

up