Белгилүү комузчу Нурзат Орозалиеванын сөөгү кичи мекени Ат-Башы районуна караштуу Терек-Суу айылында жерге берилди.
Белгилей кетсек, өнөрпоз 10-ноябрь күнү узакка созулган оорудан улам каза болгон. Орозалиева 44 жашта болчу. Ал акыркы жылдары Улуттук консерваторияда окутуучулукту аркалап, бир топ шакирттерди даярдаган.
Комузчунун артында 6-класста окуган кызы калды.