16:18, 19 апрель 2024 Жм

Борбор калаадагы тез тамактануучу жайлар текшерүүгө алынат

Борбор калаадагы тез тамактануучу жайлар текшерүүгө алынат — Today.kg

Борбор калаадагы тез тамактануучу жайлардын биринде катталган кырсыктан кийин тез татым жайлар текшерүүгө алынмай болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардык мэрияда өткөн жыйында биринчи вице-мэр 18-ноябрга чейин тез тамактануучу жайларда, социалдык мекемелерде, мектеп жана бала бакчаларда өрт коопсуздугун күчөтүү боюнча план-программаны иштеп чыгууну тапшырды. Мындан сырткары, бул сыяктуу тамактануучу жайлар текшерүүгө алынмай болду.

Өткөн аптанын 8-ноябрь күнү Бишкектеги Эркиндик бульвары менен Чүй кең көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан "Антошка" тез тамактануучу жайынан өрт чыгып, 1 адам каза болуп, өрттөн 12 адам жабыркаган, алардын арасында 3 бала бар. Жабыркагандар "Тез жардам" кызматы менен Шаардык балдар ооруканасына, 9 адам Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Бүгүнкү күндө ооруканада 7 бейтап тиешелүү дарылануудан өтүүдө. Дарыгерлердин айтымына караганда, эки жабырлануучунун абалы оор бойдон калууда.

 

up