06:08, 19 апрель 2024 Жм

Монголияда быйыл да Хеллоуин майрамын өткөрүүгө тыюу салынды

Монголиянын Билим берүү, маданият, илим жана спорт министри мектептерде Хеллоуин майрамын өткөрүүгө тыюу салды. Хеллоуин расмий майрам болбогондуктан аны билим берүү мекемелеринде өткөрбөөгө милдеттендирди.

Андан сырткары министр, ата-энелерге балдарын Хеллоуинге тийиштүү салтанаттарга жибербөөнү эскертти. Балдардын бош убактысын пайдалуу жана эффективдүү нерсе менен камсыздоону буюрду.

Акыркы жылдары монгол мектептеринде чет эл тилдери окутулуп, маданияты таасир бергендиктен Хеллоуин сыяктуу дагы башка эл аралык майрамдар кызуу майрамдалып баштаган. Анын айынан 2 жылдан бери бийлик мындай майрамдарды өткөрүүгө тыюу салып келет.

Эске салсак, америкалык дарыгерлер Хеллоуинди бадардын ден-соолугуна эң коркунучтуу экенин билдиришкен. Дагы башка маалыматтарга ылайык, бул күнү балдар катышкан кырсыктар башка күндөргө салыштырмалуу 43%га өсөт.

up