05:37, 19 апрель 2024 Жм

ЖЭБ соту: Сапар Исаков суралууда

Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупция боюнча соттук иш уланууда. Бүгүн айыпталуучулардын бири, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков көрсөтмө берип жатат. Мурдагы премьер мамлекеттик айыптоочулар менен жактоочулардын суроолоруна жооп берип жатат.

Анда Исаков ТВЕА компаниясы менен кыргыз өкмөтү качан кызматташа баштаганы, ал Инвестиция, инновация жана өнүгүү боюнча борбордук агенттигинде иштеп жүргөн кезинде бул долбоор жөнүндө кандай маалыматы болгондугу боюнча суроолорго жооп берүүдө.

Сапар Исаковду суроо маалында анын адвокаты жана мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин адвокаттарынын ортосунда пикир келишпестик жаралды.

Мамлекеттик айыптоочулар териштирүү ишиндеги, протоколдорду кайталап окуп, убакыт созуп жатканына нааразы болушту. Ага Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов дагы кошулду.

Жактоочулардын арасында кайым айтыш орун алып, Токтакунов бул иштерди айтып берүү үчүн Атамбаевди чакыралы деген сунушун айтты.

2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон.

Буга байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов камакка алынган. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып тагылган.(BkA/TSh)

up