20:30, 23 апрель 2024 Шш

“Мадина” базарындагы соодагердин өлүмү боюнча жети адам камалды

“Мадина” базарында иштеп жүрүп киши колдуу болгон соодагер Абдурахеман Хуфурдун өлүмү боюнча жети адам эки айга камакка алынды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди. Анын айтымында, кармалгандардын төртөө соодагерди өлтүрүүнү уюштурган, ал эми үчөө кылмышты жаап-жашырууга шектелүүдө.

Каниметов негизги айыпталуучулардын экөө мурдагы милиция кызматкери болгонун билдирип, учурда кылмышты тергөө толук кандуу жүрүп жатканын билдирди.

Бирок “Азаттыккка” кылмышты жаап-жашырууга шектелгендердин жакындары кайрылган. Алар киши колдуу болгон соодагердин унаасы түсү башкага сырдалган соң кылмыш жөнүндө эч кандай кабары жок сатып алганын айтышкан болчу.

Ишкер Абдурахеман Хуфур 4-октябрдан бери дайынсыз болуп, анын сөөгү 19-октябрда Нарындын Кочкор районунан табылган. Милиция алгач аны өлтүрүүгө байланыштуу шектүү катары төрт киши кармалганын кабарласа, кийинчерээк Ички иштер министрлиги сегиз киши колго түшкөнүн жарыялаган.

39 жаштагы жаш ишкер Хуфур Абдурахеман «Мадина» базарында соода кылган. 

up