03:43, 20 апрель 2024 Иш

Шакирова: Түркия Кыргызстанга 5 млн. долларлык системасын бекер берет

Ноябрь айында түркиялык дары-дармек агенттиги иликтөө системасын Кыргызстанга бекер берет. Түркия аталган системанын тийиштүү долбоорун башка өлкөлөргө 10 млн.  долларга сатууда. Бул тууралуу Дары-дармек менен камсыз кылуу жана медициналык техника департаментинин башкы директору Гүлмира Шакирова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Бизге бекер бергенинде да Түркиянын кызыкчылыгы бар. Анткени алар Кыргызстан аркылуу программалык продукцияларын сатат», — дейт Шакирова.

Анын айтымында, дары-дармек каражаттарынын бирдиктүү базасын түзүү үчүн Дүйнөлүк банктан 320 миң доллар берилди. Ал каражат база түзүүнүн 2 этабына гана жетти.

«Биринчи этапта Саламаттыкты сактоо министрилиги кызматташкан мамлекеттик органдар менен бир санариптик аянтка чогулдук. 14 миң медициналык техникага жетишибиз керек. Анткени мурда туура эмес каттоо жүргөн. Дары-дармек каражаттарынын бирдиктүү базасын түзүү үчүн республикалык бюджеттен акча каралган эмес», — дейт Шакирова.

up