13:44, 24 апрель 2024 Шр

Муратбеков: быйыл Бишкекте былтыркыдай смог болбойт

Быйыл Бишкекте былтыркыдай смог болбойт. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын директору Канатбек Муратбеков Жогорку Кеңештин жыйынында ЖК депутаты Марлен Маматалиевдин “Бишкек шаарын кышында  каптоочу смогдон коргоо боюнча кандай иш-чаралар жүргүзүлүп жатат?” — деген суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Бишкек шаардык жол коопсуздугун көзөмөлдөө органдары менен биргеликте унаалардын түтүн чыгаруусун текшерүү жүрүп жатат. Ал эми жылуулук электр борборунун смогго 15% дай гана залакасы бар. Эң көп залака унаалардан чыккан түтүндөн болуп жатат”, — деди Экотехинспекиянын башчысы.

Ошондой эле, ал смогдун алдын алуу максатында Бишкек шаардык мэриясы газ менен жүргөн автобустарды алып келип жатканын, мурда алар дизелдик күйүүчү май менен жүргөндүктөн көмүр кычкыл газы көп бөлүнүп чыкчу деп билдирди. Андан сырткары, ЖЭБди текшерүү алкагында мекемеге 330 эскертүү берилгендигин, анын 288и жоюлуп, нак каражатка байланышкан 42 маселелер гана калганын кошумчалады.

up