14:21, 28 март 2024 Бш

Сулайманов: мамлекет жанын багып жаткандардан патент талап кылбасын!

Өз алдынча иштеп жаткандарды ыктыярдуу патенттен бошотушубуз керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештеги «Бир бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов өзүнүн «Инстаграм» баракчасына жазды.

«Мамлекет элин жумуш менен камсыз кыла албаган соң, “өгүз өлбө, араба сынба” деп таксиде иштеп, базарда байпак сатып жана башка иштер менен жанын багып жаткандардан патент талап кылбасын! Ошондо 165 миң үй бүлө ашыкча чыгымга учурабайт», — деди эл өкүлү.

up