19:11, 24 апрель 2024 Шр

"Жылуулук иштеп чыгуу жайларынын баары кыш мезгилине даяр" дейт биринчи вице-премьер

Бүгүн, 30-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жылуулук иштеп чыгуу жайларынын баары кыш мезгилине даяр экенин айтты.

"Азыркы учурда күн жылуу болгондуктан, Нарын облусуна жана өлкө аймагындагы айрым бир жатак билим берүү жайларына гана жылуулук берилүүдө. Бирок жылуулук иштеп чыгуу жайларынын баары кыш мезгилине даяр.

Апрель айында эле республикалык штаб түзүлүп, кышка даярдык көрүү жумуштары башталган. Жалпысынан 1 миллиард 141 миң тонна көмүр керектеле турган болсо, азыр 430 миң тонна көмүр бар. Андан тышкары, жергиликтүү жана импорттук көмүр алууга келишимдер түзүлдү. Ал эми Бишкек ЖЭБинде азырынча 136 миң тонна көмүр кору топтолду. Ишкана ушу кезде 360 мВт кубаттуулугуна чейин электр энергиясын берүүгө даяр", - деди Кубатбек Боронов.

 

up