16:03, 19 апрель 2024 Жм

Кожобек Рыспаев ооруканалардын абалы тууралуу: «Ушул абалга жетип калыптырбыз»

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев парламенттин бүгүнкү отурумунда Бишкек шаарындагы ооруканалардын абалы тууралуу маселе көтөрдү.

Депутат ооруканалардын абалы киши ыйлай турган деңгээлге түшүп кеткенин белгилеп, премьер-министрдин, тармактык комитеттин депуттарынын катышуусу менен жеринен таанышып келүүнү сунуштады. Рыспаев Миррахимов атындагы кардиология жана терапия улуттук борборду мисал келтирет.

Кардиологиялык оорукананын абалы начар. Ымыркай балдар жатат, болгону 4 керебет. Сыртта 25 ата-эне ыйлап турат. Шашылыш операция болуп жатат, сыртта төртөө күтүп турат. Лифти иштебей калыптыр, имаратынын абалы, короосу кароосуз абалда калган”, — деди депутат.

Ал ошондой эле, оорукананын абалы менен жеринен таанышып келип, анан тиешелүү чечим кабыл алынса деген пикирин кошумчалады.

up