20:19, 23 апреля 2024 Вт

Бывший соратник Текебаева пишет книгу про Курманбека Бакиева

Бывший соратник Текебаева пишет книгу про Курманбека Бакиева — Today.kg

Бывший член Конституционного совещания в 2010 году Асейин Саралаев, ныне проживающий в Казахстане, намерен написать книгу про беглого президента Курманбека Бакиева. Об этом он написал на своей странице в соцсети.

По его словам, книга будет называться "Ложь и правда".

"Эти два месяца прожил в размышлениях о годах президентства Курманбека Бакиева. Именно в эти годы я активно включился в политическую жизнь страны. Все свои впечатления я записывал в дневнике, которые я собрал и проанализировал. И прежде всего в каждом случае я пытаюсь понять, где правда, а где ложь. Все разговоры про Бакиева во времена Атамбаева я сравнил со своими личными впечатлениями, мнениями экспертов и СМИ, а также с архивными данными и экономическими показателями. Во всем этом я попытался найти истину.

Я нахожусь вблизи Алматы на горе Кок-Тюбе, где написал первые строчки своей книги. Ее я посвящаю 70-летию Курманбека Бакиева", - написал он.

По данным СМИ, Асейин Саралаев в 2010 году был членом Конституционного совещания, председателем которого был лидер "Ата Мекена" Омурбек Текебаев. Этот орган, напомним, занимался внесением изменений в Конституцию. Про Саралаева также пишут, что он какое-то время поддерживал партию "Ата Мекен".

Оригинал поста:

"ЖАЛГАН ЖАНА ЧЫНДЫК

Эки ай бою Курманбек Бакиев агабыз Президент болгон 2005-2010-жылдардын кучагында жашадым... Анткени ушул жылдар аралыгында мен өлкөбүздөгү коомдук иштерге жана саясий кыймылдарга активдүү катышкан болчумун. Өзүмдүн күндөлүк катары жазып жүргөн эскерүүлөрүмдү дагы чогултуп кайрадан талдап чыктым. Ошол жылдардагы менин жүрөгүмдөн өткөн окуялардын ар бириндеги жалган менен чындыктын чек арасынан ары-бери өтүп көрдүм... Өзгөчө Атамбаев доорундагы Бакиевдерге болгон тынымсыз каралоолорду өзүм жашап өткөн күндөр менен салыштырып, ошол кездеги басылмалардан, экономикалык көрсөткүчтөрдөн, коңшу элдердеги көз караштардан, архивдик материалдардан жана ар кыл тармактагы каармандарымдын сөздөрүнөн чындык тапканга аракет кылдым. Ошол кездеги криминалдык дүйнөнүн бийликке жулунушу, тынымсыз митинг-пикеттер, жарандык коомдун болуп көрбөгөндөй активдүү болушунан баштап жарыктын өчүрүлүшү менен апрель козголоңу сыяктуу өлкөбүздө болуп өткөн суроосу көп окуяларга жалпак тил менен жооп тапканга аракет кылдым...
Менин ошол кездердеги коомдук-саясий иштерге аралашып калганым 2005-жылы Президентибиз Курманбек Бакиевге арнап жазган "Досума кат" деген эссенин айланасында башталыптыр... 
Мына эми Алматы шаарындагы атактуу Көк-Дөбөнүн (Көк-Төбе) чокусунан "бисмилда" деп "Жалган жана Чындык" деген китебимдин алгачкы тамгаларын түшүрдүм... Ушул атактуу дөбөдөн миллиондогон тагдыр аралап жүргөн шаарды, учу-кыйры жок созулуп жаткан кең талааларды жана мөңгүсү ак калпактай жаркырап турган Ала-Тоону карап бир топ ырларды, аңгемелерди жазып башка тилдерден котормолорду даярдап жүргөн бир менчик жерим бар. Ошол арчанын түбүндөгү кароол ташым азыр да бар. Кудай буюрса китебимди ак кагаздарга иреттеп жазып алсам анан толуктап, бышыктап, грамматикасын тизгиндеп компьютерден жазып улантам... Бир топ жылдан бери жүрөгүмдө турган китепти экс-Президентибиз Курманбек Бакиевдин ушул жылы болгон 70 жылдык мааракесине арнагым келди. Курманбек Салиевичке Аллахым (жж) аманчылык берсин!!! 
Эмне демекчимин Көк-Төбеге келип калгандар болсо чоң дептер көтөрүп жүргөн мени көрүп калсаңыздар таңкалбай эле коюңуздар... Эң башкысы баштап алдым..."

up