10:40, 25 апрель 2024 Бш

Сот Икрамжан Илмияновду жети жылга кести

Бишкектин Октябрь райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновду жети жылга кесип, 1600 эсептик көрсөткүчтө айыппул салуу менен үй-мүлкү конфискацияланды.

Өкүм 30-октябрда чыкты. Ишти судья Дамирбек Назаров карады. Ал Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү («Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык») менен күнөөлүү деп табылды.

Илмиянов акыркы сөзүн сүйлөгөндө күнөөсү далилденбегенин айтып, акыйкат чечим чыгарууну өтүнгөн. Журналисттерге кыска комментарий берип өкүмгө макул эместигин, адвокаттар менен кеңешерин айтты.

Ал 2018-жылдын 20-октябрынан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетик комитеттин убактылуу кармоочу жайында отурат.

Илмияновго Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган» деген айып койгон.

Прокурор анын күнөөсү толук далилденгенин билдирип, 7,5 жылга түрмөгө кесүүнү сураган.

Иш 2019-жылдын июлунда сотко өткөн.

up