06:06, 19 апрель 2024 Жм

Европа Биримдиги Брекситти жылдырууга макул болду

27 өлкөдөн түзүлгөн Европа Биримдиги Брекситти (Европа Биримдигинен чыгуу тууралуу референдум) 31-январга чейин жылдырууга макул болушту. Бул тууралуу Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск билдирди.

Буга чейин Улуу Британия Брексит боюнча келишим шарттары чечиле электигине байланыштуу, Европа Биримдигинен чыгууну 31-октябрдан 31-январга жылдырууну суранган болчу.

“Курамында 27 өлкө болгон Европа Биримдиги Улуу Британиянын Брексит боюнча 2020-жылдын 31-январына чейин узартуу суранычын кабыл алды. Чечимди расмий түрдө кагазга түшүрүү иштери жүрүп жатат”,- деп жазды Туск Твиттер баракчасына.

up