18:27, 28 март 2024 Бш

Тажикстанда мунапыс боюнча миңден ашуун адам эркиндикке чыкты

Тажикстанда Баш мыйзамдын 25 жылдыгына карата жарыяланган мунапыс боюнча миңден ашуун адам эркиндикке чыкты. Алардын көбү Яван түрмөсүндө, Нуректеги аялдар түрмөсүндө жана жашы жете электер абагында отурган. Мунапыска илингендердин калган бөлүгү жакынкы күндөрү бошотуларын Тажикстандын Жаза аткаруу башкы башкармалыгынын жетекчиси Мансуржон Умаров билдирди.

25-октябрда парламент жактырган тиешелүү мыйзамга президент Эмомали Рахмон кол койгон. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, бул жолку мунапыска 20 миңдей адам камтылат. Биринчи кезекте майыптар, катуу ооруга кабылгандар, согуш ардагерлери жана 55 жаштан өткөндөр чыгарылары кабарланган.

Ал эми террорчулук, экстремизм үчүн айыпталгандар, конституциялык түзүлүшкө каршы чыкканы үчүн кесилгендер, өмүр бою эркинен ажыратылгандар бул мунапыска илинбейт. Ошондой эле укук коргоочулар, эл аралык уюмдар «саясий туткун» деп тааныгандар чыгарылбайт. Анткени тажик бийлиги өлкөдө саясий туткундар бар экенин четке кагып келет. Андан тышкары өлкөдө тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын камактагы мүчөлөрү да бошотулбайт.

up