16:36, 29 март 2024 Жм

Асел Кодуранова үй камагына “чектөөсүз” камалды

Асел Кодуранова үй камагына “чектөөсүз” камалды — Today.kg

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП партиясынын төрайымынын милдетин аткаруучу Асел Кодуранова 9-декабрга чейин үй камагына алынды.

Мындай чечим 10-октябрга караган түнү чыкты.

Адвокат Канат Хасановдун айтымында, Кодуранова үй камагына “чектөөсүз” деген аныктама менен чыкты, башкача айтканда, ал түнкүсүн гана үйүнөн чыга албайт, андан башка учурда чектөө болбойт.

Депутат кылмышты уюштурууга жана адамды барымтага алууга байланыштуу беренелердин негизинде шектелип жатат.

Быйыл 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармоо операциясы жүргөн. Анын тарапташтары күч органдары менен кагылышып, бир офицер каза болгон. Ар түрдүү жаракат алган 100гө жакын адам ооруканага кайрылган.

Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын жыйынында Кодуранова ошол окуялардын чордонунда жүргөндөрдүн бири экени айтылган. Ал азыр камакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын санаалаштарынын бири. (RK)

up