07:51, 29 март 2024 Жм

СМИ: Алга Кылычов Атамбаевге каршы көрсөтмө берди

СМИ: Алга Кылычов Атамбаевге каршы көрсөтмө берди — Today.kg

Жарандык активист, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Алга Кылычов Атамбаевге каршы көрсөтмө берди. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жактоочу Замир Жоошевге таянып жазды.

Жактоочунун айтымына караганда, Алга Кылычев тергөө менен кызматташуу тууралуу келишимге барган. Ал Атамбаев бийликти басып алып, мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган деп билдирген.

Ошондой эле КСДПнын мүчөлөрү Кундуз Жолдубаева, Амантур Жамгырчиев, Мээрбек Мискенбаев жана Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаевге каршы көрсөтмө берген. Жогоруда аты аталгандар массалык башаламандык уюштуруу, барымтага алууну уюштурушкан деп айткан.

up