04:49, 19 апрель 2024 Жм

Бишкек мэриясы желим бөтөлкөлөр үчүн өзгөчө урналарды орното баштады

Бишкек мэриясы желим бөтөлкөлөр үчүн өзгөчө урналарды орното баштады — Today.kg

Бишкек мэриясы жаш ишкерлер менен бирге "Желимсиз Бишкек" деп аталган акциянын алкагында желим бөтөлкөлөрдү топтоо үчүн шаарга атайын урналарды орното баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бийиктиги эки метр болгон урналар Абсамат Масалиев көчөсүндөгү жаңы эс алуу багына коюлду. Урна бөтөлкөнүн формасында жана анын ичине миң желим бөтөлкө батат.

Топтолгон желим бөтөлкөлөрдү уюштуруучулар өздөрү түнкү саат 12:00дөн таңкы саат 5:00гө чейин алып кетип, кайра иштетүүчү цехтерге жөнөтүшөт.

"Учурда 60 урна жасоо үчүн уюштуруучулар демөөрчүлөр менен сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Бир урнанын баасы 7 миң сомду түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясы калаа тургундарын желим бөтөлкөлөрдү туш келди ыргытпай, атайын урналарга салууга чакырат.

 

up