12:05, 20 апрель 2024 Иш

Моссоветтеги акча алмаштыруучу жайлардын өң-келбети өзгөрөт

Биринчи Май районунун акими Алибек Биримкулов Салык кызматынын, "Бишкекбашкыархитектура" ишканасынын жана №12 Муниципиалдык территориялык башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте акча алмаштыруучу жайлардын ээлери менен жолукту. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Акча алмаштыруу жайында акча санап жаткан адамдар. Архив © AFP 2019 / AAMIR QURESHI

Шаар бийлиги бүгүн, 10-сентябрда, Абдрахманов жана Москва көчөлөрүндө жайгашкан акча алмаштыруучу жайлардын ээлери менен жыйын курган.

Анын алкагында борбордук көчөлөрдөгү валюта курсун көрсөткөн тактайларды "Бишкекглавархитектура" иштеп чыккан заманбап эскиздик долбоорго ылайыктап жасоо сунушталды.

Ошондой эле ишкерлерди Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерин сактоого чакырып, өз аймагын таза кармоого жана салыктарды убагында төлөөгө үндөгөн.

Булак: Sputnik

up