07:04, 25 апрель 2024 Бш

Мам.кызматкерлер 2018-жылы 64 383 салык декларациясын тапшырды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер 2018-жылы салык органдарына электрондук түрдө 64 383 декларация тапшырышты. Азыркы учурда түшкөн декларацияларды анализдөө жүрүп жатат, өз убагында декларация тапшырбаган же туура эмес маалымат бергендер аныкталууда. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн, 10-сентябрда, коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында ишмердигин жүргүзүшкөн өкмөттүк эмес коомдук уюмдардын жетекчилери менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Жаңы иштелип чыккан «Кирешелерди декларациялоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору декларациялары текшерилүүгө тийиш болгондор үчүн «жакын туугандар» түшүнүгүн киргизет жана 2ден 7ге чейин Бирдиктүү салык декларациясын толугу менен текшерүү үчүн негиздердин тизмесин кеңейтет.

Ошондой эле сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы аракеттенүү максатында бардык укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кызматка кирип, аны өтөөгө бирдей шарттарды караган «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Мыйзамы кабыл алынган.

Аталган мыйзам укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн чектөөлөрдү камтыйт, анын ичинде чет мамлекеттерде эсептерди ачуу, накталай акча менен операцияларды жүргүзүү ж. б.

Мындан тышкары, Мамлекеттик кадр кызматы судья болбогон сот органдарынын кызматкерлери үчүн бирдиктүү чектөөлөрдү жана тыюу салууларды караган мыйзам долбоорун иштеп чыкты.

Булак: Марал ФМ

up