15:55, 29 март 2024 Жм

Өлкөдө 19 айда 11 адам жынысын алмаштырды

Өлкөдө 19 айда 11 адам жынысын алмаштырды — Today.kg

Өлкө боюнча 2018-жылы жана ушул жылдын 7 ай ичинде 11 адам жынысын алмаштырган. Маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыл сайын жынысын алмаштыргысы келген адамдардын кайрылуусун Саламаттыкты сактоо кызматынын алдында атайын комиссия карап чыгат. Андан соң алар маалым кат алып, ЗАГСка келип, документтерин которуп кетишет.

Ошондой эле жынысын алмаштырган адамдардын документинде аты-жөнү гана өзгөртүлүп, ал эми жеке идентификациялык номери ошол боюнча калат.

2017-жылы 12 адам жынысын өзгөрткөнү айтылган.

 

 

up