04:15, 25 апрель 2024 Бш

Кытайлык миллиардер Жек Ма шейшембиде кызматынан кетет

"Алибаба" электрондук соода аянтчасынын түптөөчүсү мындай чечими тууралуу былтыр эле жарыялап, 55ке чыгары менен компаниянын жетекчилик кызматынан кетерин айткан. Компаниянын азыркы башкы директору Даниел Чан анын ордун ээлеп, директорлор кеңешинин жетекчилигине 10-сентябрдан тарта жетектеп калат.

Карапайым англис тил мугалиминен техникалык магнатка чейин жеткен Жек Ма өз бизнесин 1999-жылы баштаган. Дүйнө жүзүнө таанымал болгон Ма кызматтан кеткенден кийин кайрымдуулук иштерине көбүрөөк көңүл бурарын айтканы бар.

 

up