18:24, 28 март 2024 Бш

Электрондук кезекке турбай калган балдар 1-класска убагында кирди

"Электрондук каттоо" программасы аркылуу балдарын биринчи класска жаздырбай калган эки миңден ашуун ата-эне атайын комиссияга арыздарын жөнөтүшкөн. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын алдыңкы адиси Айнур Кусеинова билдирди.

Бүгүн, 10-сентябрда, Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда "Мектепке электрондук кезекке туруу: баланын жеке маалыматтарын кантип коргоо керек" аттуу маалымат жыйын өттү.

Адистин айтымында, ата-энелер кечиккенине карабай балдар 1-класска убагында барды.

"Ар бир баланын билим алууга болгон укугу бар. Райондук билим берүү борборлорунда атайын комиссия иштеп жатат. 16-августтан бүгүнкү күнгө чейин ар кайсы себептерден улам балдарын "Электрондук кезек" аркылуу каттата албай калган эки миңден ашуун ата-энеден арыз келип түштү", — деди адис.

Сабактагы окуучу. Архив © Sputnik / Эмиль Садыров

Ал ошондой эле социалдык кызматтар менен райондук билим берүү борборлорунун арты менен туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдар аныкталганын кошумчалады.

"Ар бир райондук билим берүү борборлорундагы комиссия мүчөлөрү талаштуу маселелерди карады. Иш учурунда 70тей ата-эне балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болгондуктан мектепке киргизе албай жүргөнү белгилүү болду", — деди Кусеинова.

Ал ошондой эле сөз болуп жаткан балдар убагында мектепке киргизилгенин белгиледи.

Булак: Sputnik

up