01:10, 29 март 2024 Жм

Ататүрк сейил багындагы мыйзамсыз курулуштар түрттүрүлүүдө

Бишкектин Ататүрк сейил багында мыйзамсыз салынган үйлөр, күркөлөр, темир тосмолор менен чарба курулуштары түрттүрүлө баштады.

Мэриянын сайтына жарыяланган маалыматка караганда, бул иштер Түштүк магистраль паркын улантып куруу боюнча өткөн жыйында кабыл алынган.

Бир жума мурун ушул эле Ататүрк багында мыйзамсыз тургузулган сегиз күркө алынган.

Шаардык бийлик жарандарды жер мыйзамын бузбоого жана тыюу салынган жерлерге ар кандай курулуштарды жүргүзүп, күркөлөрдү койбоого чакырды.

Ататүрк сейил багындагы жерлер курулуш үчүн 1994-жылдан тартып бериле баштаган. Натыйжада парктын аянтынын теңине жакыны азайган.   

up