18:01, 28 март 2024 Бш

Кыргызстандык спортчулар Кореядагы Көчмөндөр оюндарына катышат

Кыргызстандын спортчулары Кореяда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышат. Бүгүн, 29-августта кыргызстандык спортчулар Корея өлкөсүнө пенчак силат боюнча өтө турчу мелдешке жөнөп кетишти. Бул тууралуу федерациянын президенти Каныбек Бекбоев билдирди.

Аталган мелдешке катыша турган спортчулардын тизмеси:

- 60 кг салмакта Замирбек Кочкоров;

- 65 кг салмакта Тимур Маматисаков;

- 75 кг салмакта Нурбек Асанов;

- 85 кг салмакта Илимбек Токтогулов.

Маалыматка караганда, кыргызстандык спортчулар Тайланд өлкөсүндө өтүүчү пенчак силат боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышууну пландап жатышат. Ал 30-сентябрда башталып, 4-октябрга чейин уланат. 

up