14:34, 20 апрель 2024 Иш

Жалал-Абад шаарынын мэринин бир тууганы Абдималык Тагаев кызматтан бошотулду

Жалал-Абад шаарынын мэринин бир тууганы Абдималык Тагаев кызматтан бошотулду — Today.kg

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин башчысы болуп 21-августта дайындалган Абдималик Тагаев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мэриянын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка мэр Мураталы Тагаев кол койгон. Абдималик Тагаев кечээ, 28-август күнү кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.

Абдималик Тагаев мэр Мураталы Тагаевдин аталаш бир тууганы болуп эсептелет. Мураталы Тагаев Жалал-Абад шаарынын мэри болуп 2018-жылдан бери иштеп келет.

 

up