16:07, 29 март 2024 Жм

Текебаев: Жээнбеков-Атамбаев конфликти Орто Азияга тарыхый сабак болду

Сот мени актаган жок. Иш кайра каралууга жөнөдү. Ошондуктан кийинки биздин аракетибиз ошол сот процессине бурулат. Мындай пикирин «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Биринчи май райондук сотунан үй камагына бошотулуп чыгып, журналисттерге берген маалымат жыйынында.

«Соттун биринчи отуруму 12-сентябрга дайындалды. Бүгүн жаңы күбөлөр пайда болду. Атамбаев кеткенден кийин мурун көрсөтмө бергенден корккон мамлекеттик кызматкерлер ачык көрсөтмө бере башташты. Жаңы күбөлөрдү, жаңы докуметтерди таап сот процессине даярданабыз»,- деди Текебаев.

Ал ошондой эле Жээнбеков менен Атамбаевдин ортосундагы конфликтин бүтүндөй Орто Азияга тарыхый сабак берип жатканына токтолду.

«Жээнбеков менен Атамбаевдин ортосундагы пикир келишпестик жеке адамдардын конфликти, бийлик талашуу үчүн күрөш деп айтып жатышат. Балким кандайдыр бир мааниде ошондой көрүнүшү мүмкүн. А чындыгында бул конфликт мурунку бийликтин жүзүн ачып жатат. Бул президенттер эртеби-кечпи түшөт, эгер мыйзам бузган болсо мыйзам алдында жооп бериш керек деген түшүнүктү Орто Азияга жайылтып жатат. Тарыхый прецедент түзүлөт», — деди Текебаев.

up