16:32, 28 март 2024 Бш

Өмүрбек Текебаев: Садыр Жапаровдун иши кайра каралышы керек

Өмүрбек Текебаев: Садыр Жапаровдун иши кайра каралышы керек — Today.kg

Биз эле эмес, бизден башка саясий туткундар ошонун ичинде Садыр Жапаров, жөнөкөй аты-жыты белгисиз жалган-жалаа менен жаткан карапайым балдардын иши дагы кайра каралып чыгыш керек.  Мындай пикирин «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Биринчи май райондук сотунан үй камагына бошотулуп чыгып эл менен жолугшуусунда билдирди.

«Соттун имараты жаңыланыптыр, эми соттордун жан дүйнөсү дагы жаңыланышы керек. Аларда жаңы нормалар, жаңы принциптер пайда болушу керек. Мына ошондо соттук реформа жүрөт. Соттук реформанын жүрүшүнө граждандардын салымы чоң. Эгерде эл баардык жерде ар бир туура эмес иште ушинтип тикесинен турса, соттор туура чечим чыгарганга мажбур болот«, -деди Өмүрбек Текебаев.

Эске салсак, бүгүн 29-августта Биринчи май райондук соту «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра карап, үй камагына чыгарды.

up