13:36, 29 март 2024 Жм

Окуучулар стресске көп кабылган өлкөлөр аталды

Орусиялык окуучулар окуунун айынан стресске көп дуушар болушат. Рейтинг боюнча дүйнөдө биринчи орунда Орусия турат. Ал эми экинчи орунду Кытай, үчүнчүлүктү Германия ээлейт. Бул тууралуу ТАСС Harris Insights & Analytics аналитикалык компаниясынын изилдөөлөрүнө таянып жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Орусияда респонденттердин 79% окуунун айынан стресске кабыларын айтышкан. Бул көрсөткүч Кытайда 64%, Германияда 61%ды түзөт.

Орусиялык педагогдордун 68%ы ар кандай тынчсыздануулар окуучунун билим алуусуна тоскоол болорун айтышкан.

Окуучу, мугалим, ата-энелер да балага коюлган баа жана аны классташтарынын жетишкендиктерине салыштыруу стресстин негизги себеби экенин белгилешет.

Изилдөө иштерине Америка, Германия, Кытай, Орусия жана Япониядан жалпы 5 миңдей окуучу, 2 миңден ашуу ата-эне жана 1 миң 152 мугалим катышып, 5-18 жаш курактагы балдарга сурамжылоо жүргүзүлгөн.

up