15:58, 20 апрель 2024 Иш

Жээнбеков 100дөй адамды сактап калган учактын командирин сыйлады

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Tez Jet авиакомпаниясынын учагынын командири Дмитрий Палашкин "Эрдик" медалы менен сыйланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Палашкин кызматтык жана жарандык милдеттерин эрдик менен аткаргандыгы үчүн сыйланды.

Эске салсак, 2018-жылдын 1-мартында Tez Jet авиакомпаниясынын Бишкектен Баткенге багыт алган учагынын кыймылдаткычы иштебей калып авариялык абалда конгон. 96 жүргүнчү менен борттун командасы жабыркаган эмес.

​Ошол учурда жүргүнчүлөр иштебей калган кыймылдаткычты видеого тартып алышкан. Кадрдан жүргүнчүлөр кудайдан тиленип баратканын көрүүгө болот.

up