00:42, 20 апрель 2024 Иш

Башкы прокуратура: Курсан Асановдун уулуна издөө жарыяланды

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун уулуна издөө жарыяланды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

22 жаштагы Мухаммед-Али Асановду Курсан Асановдун кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деген ишине катыштыгы бар деп шектелип, ага карата камакта калтыруу түрүндө сыртынан баш коргоо чарасы кабыл алынган.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 8-августта Курсан Асанов документтерди жана башка буюмдарды мыйзамсыз берүүнү уюштурган. Документтерди жана башка буюмдарды ал Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнөн алып чыккан. Курсан Асановдун жансакчысы Дамирбек Пайзылла уулу  8-авугустта сааат 21.00дөн 21.15 арасында ИИМдин имаратынынын жанында аталган документтерди жана башка буюмдарды Мухаммед-Али Асановго берген. Тергөөнүн версиясына ылайык, документтер менен буюм далилдерди Атамбаевдин тарапкерлерине өткөрүп бериши керек болгон.

Эске салсак, 13-августта Курсан Асанов Ички иштер министринин орун басары кызматынан  премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен бошотулган. Буга Курсан Асановдун 8-августтагы Кой-Таштагы окуяда милициянын кызыкчылыгын саткандыгы, мындан улам ага ишенимдин кеткендиги себеп болгон. 25-августта Биринчи май райондук сотунун чечими менен Курсан Асанов 13-октябрга чейин үй камагына алынган. 23-августта милициянын сержанты Дамирбек Пайзылла уулу аталган ишке шектелип кармалган.

 

up