03:28, 29 март 2024 Жм

Раиса Атамбаева: Бизге карата катуу куугунтук болуп жатат

Мурдагы президенттин жубайы Раиса Атамбаева бүгүнкү күндө Атамбаевдин үй-бүлөсүнө, жакындарына, тарапташтарына катуу куугунтуктар болуп жатканын билдирди. Буга ал азыркы бийликти айыптады. Учурда Кой-Таштагы үйүнө да кире албай, турмуш-тиричиликке керектүү буюмдарын ала албай калганын белгилейт.

Раиса Атамбаева ошондой эле өзүнө кылмыш иши козголгонун бүгүн жалпыга малымдоо каражаттарынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Кылмыш иши президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаевдин ишине байланыштуу болгону маалым.

“Мен эч качан соттордун ишине кийлигишкен эмесмин. Саясат – таза эмес иш. Муну мен мурда эле билчүмүн. Ошондуктан аралашпаганга аракет кылчумун. Мен керек болсо кайсыл соттун имараты каерде экенин да билбейм. Бир дагы судьяны тааныбайм”, — дейт Раиса Атамбаева.

Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев коррупцияга айыпталып кармалган. Ал мурдагы президенттин жубайы Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берген.

 

up