"Атамбаевдин баласы Сейитбек Атамбаев катуу сабалды", - деп бүгүн, 16-августта журналисттерге мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аялы Раиса Атамбаева билдирди.
"Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсүнө карата куугунтук болуп жатат. Атамбаевдин улуу баласы Сейитбек Атамбаев катуу сабалды. Аны күн сайын суракка чакырып жатышат. Анын буту гипстелген, балдакчан жүрөт. Атамбаевдин жакын тууганы, жээнине эки кылмыш иши ачылды. Кудабыздын үйү тинтүүгө алынды", - дейт Раиса Атамбаева.