21:02, 25 апрель 2024 Бш

Кундуз Жолдубаева чуу жараткан баштык боюнча маалымат берди

Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүнөн укук коргоо орган кызматкерлеринин алдына өз ыктыяры менен чыгуу чечимин кабыл алгандан кийин баштыкка үйүнүн жана жерлеринин документтерин салыптыр. Бул тууралуу Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева журналисттерге жооп берип жатып билдирди.

Белгилей кетсек, 13-августта социалдык тармактарда Атамбаевди кармоо учурунда Асанов андан акча, зер буюмдар жана маанилүү документтер салынган пакет алып жатат делген видео тараган. Өз кезегинде Асанов бул боюнча жооп берип, эч кандай акча албаганын билдирген. 

Жолдубаеванын айтымында, мурдагы президент пакетти адвокат Сергей Слесаревге тапшырып койгула деп аманат катары тапшырган.

"Баштыкты бардык видеодон көрүүгө болот. Ичинде документтер бар болчу. Ары-бери көтөрүп жүрө берип, кармагычы да айрылып калган эле. Ага эч ким көңүл бөлүп, сураган да эмес. Эртеси "кана пакет" болуп жатып калды. Анын айынан менин үйүмдү дагы тинтүүгө алышты. Ичинде бриллиант болгон дегендер да чыкты, бул логикага жатпаган нерсе. Баалуу нерсени ары-бери көтөрүп жүрмөк белек?" — деди Жолдубаева.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев 8-август күнү эки күнгө созулган атайын операциядан кийин багынып берген. Биринчи Май райондук соту баш коргоо чарасын тандап, аны 26-августка чейин камакта калтырган. Атамбаевге 14 айып тагылууда. Мурунку президенттин жактоочулары Атамбаевди үй камагына чыгаруу боюнча доо арыз беришкен.

up