17:36, 28 март 2024 Бш

Раиса Атамбаева: "Мага карата кылмыш иши козголду"

Раиса Атамбаева: Мага карата кылмыш иши козголду — Today.kg

Бүгүн, 16-августта УКМКнын имаратында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы каралып жатат. Ага анын тарапташтары, аялы Раиса Атамбаева, уулу Кадыр Атамбаев, депутат Ирина Карамушкина келди. Бирок алар баш коргоо чарасы каралып жаткан процесске киргизилген жок.

Раиса Атамбаевага журналисттер тарабынан "соттордун Ак Үйдөгү куратору" атыккан Манасбек Арабаевге байланыштуу суроо берилди. Ал буга чейин мурдагы президенттин аялына каршы көрсөтмө бергени маалым болгон.

"Мен саясатка эч качан аралашкан эмесмин жана сотторго да кысым көрсөткөн эмесмин. Мен Манас Арабаевди билчүмүн, себеби ал Алмазбек Атамбаевдин командасында иштечү. Бүгүн мага карата кылмыш иши козголгонун билдим", - деди Раиса Атамбаева.
 

 

Булак: Super Инфо

up