13:48, 9 май 2024 Бш

Президенттин атын жамынып, инвесторлорду опузалаган жаран кармалды

Президенттин атын колдонуп, инвесторлордон акча опузалаган жаран кармалды. Ал өзү бизнесмен жана жогорку даражалуу аткаминерлер менен байланышы бар экенин айтып, керек болсо силерди жок кылам деп коркутуп, инвесторлордон опузалап ири өлчөмдө акча талап кылган. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, президенттин атын колдонгон жаран боюнча маалымат Президент Жапаровго жеткен жана ал териштирүү тапшырмасын берип, анын жыйынтыгында ал жаран кармалып, камакка алынган. Андан ары тергөө иштери жүрөт.

«Президент Жапаров дагы бир жолу Кыргызстанда «кол тийбестер» жок экендигин эскертет. Өлкөдө кимде-ким инвесторлорду жогорку даражалуу байланыштары менен коркутуп-үркүтүп, алардын ишмердүүлүгүнө жолтоо болсо, инвесторлорду жеке кызыкчылыгына пайдаланып, алардан мыйзамсыз акча каражатын талап кылса — дароо камалат. «Өлкө башчысын адаштырып коебуз же ал эч нерсе билбей калат» дегендер болсо, алар катуу жаңылышат», — деп жазды Султанбаев.

Ошондой эле, ал президент УКМК, ИИМ жана башка жеке булактарынан ыкчам маалыматтарды дайыма алып турарын, учурда дагы кимдер «жогорку байланыштарына» жамынып инвесторлорду коркутуу, акча талап кылуу менен алектенип жаткандыгы тууралуу маалыматтар бар экенин кошумчалаган.

Социалдык тармак колдонуучулары президенттин атын жамынган жаран Төлөнбай Нурбаев аттуу ишкер болушу мүмкүн деп жазууда.

Төлөнбай Нурбаев өзүн жеке ишкер катары таанытып келет. Анын социалдык тармактагы баракчасында көп учурда инвесторлор менен жолуккан сүрөттөрүн, Дубай, Түркиядан инвесторлорду өлкөгө тартуу аракеттери жүрүп жатканын жазган постторун көрүүгө болот.

up